9-ноябрда Кыргызстанда күн ачык жана жылуу болотБишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулду
Ислам тилектештиги оюндары: Махмудов алтын тагынды
13.08.2022 | 22:27
Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) алтын тагынды.
Биринчи кармашта Махмудов түркиялык, андан кийин жарым финалда өзбекстандык спортчуну жеңген.
Ал эми финалда Махмудов азербайжандык балбандан күчтүү болуп чыкты.
Алдыда Атабек Азисбеков коло үчүн күрөшөт.
Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын капчыгында 6 алтын, 5 күмүш, 2 коло медаль бар.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт