Өзгөндөгү жол кырсыктан 13 адам жабыркады – сүрөт

16.08.2022 | 10:23

Өзгөн шаарындагы жол кырсыктан 13 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-августта түнү “Мерседес-Бенц” унаасы менен “Дэу Лабо” унаасы сүзүшкөн. Анын айынан  13 адам жабыркап, 8 киши учурда оор абалда болсо, 5 жаран жеңил жаракат алган.

Окуя жерине куткаруучулар барып, жаракат алган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

[image_carousel source=”media: 149439,149438,149437,149436″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top