Бишкекте той-аштарга чектөө киргизүү пландалууда

16.08.2022 | 11:53

Бишкекте үйлөнүү той, аш, куран окутуу жана башка мааракелердеги чыгымдарды азайтуу үчүн чектөө киргизүү пландалууда. Тиешелүү жобонун долбоору мэрия тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.

Аталган жобо президенттин аш-тойлордогу чыгымдарды азайтуу тууралуу жарлыгына ылайык иштелип чыккан.

Документке ылайык:

– Үйлөнүү үлпөттөрү бир күн ичинде өткөрүлүп, конокко 250дөн ашпаган киши келиши керек. Үйлөнүү тоюндагы кортежде  унаалардын саны төрттөн ашык болбошу керек. Бир бодо мал (жылкы) же 3 майда жандык гана союлушу шарт.

– Үй-бүлөлүк тойлор бир күн ичинде саат 00:00гө чейин өткөрүлүп, коноктордун саны 200дөн ашпашы зарыл.

– Мааракелик тойлор бир күн ичинде саат 00:00гө чейин өткөрүлүп, келген меймандардын саны 250дөн ашык болбошу кажет.

– Тажыяны өткөрүү 3 күндөн ашпашы керек, бирок келген адамдардын саны чектелбейт. Бодо мал же жылкы союуга тыюу салынат. Ашыкча чыгымдардан алыс болуу сунушталат – кешик салып берүү, тасмал жаюу, дасторкон көтөрүп келүү жана кийит (же башкаларын) алып келүү сунушталбайт.

– Куран окутуу, аштарга 300дөн ашпаган кишини чакырууга болот. Бир бодо мал (жылкы) же 3 баш майда жандык союуга уруксат берилет.

– Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге маараке-тойлорду, аштарды ашыкча чыгымсыз, той-салтанаттарды жакын туугандардын арасында өткөрүү сунуш кылынат. Аталган кызматкерлер моралдык-этикалык нормаларды сактоодо башка жарандарга үлгү болуш керек.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top