ЖМК: Бейшеналиев Кыргызстандан белгисиз мөөнөткө кетет

19.08.2022 | 20:52

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси  Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандан белгисиз мөөнөткө кетип жатат. Бул туурасында АКИpress агенттиги жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда,  ал 20-август күнү эртең менен Түркияга учуп кетет.

«Мени узатууну каалагандар аэропортко келишсин. Менимче, алар жакшы иштешти», – деди ал.

2020-жылдын 14-октябрынан бери Саламаттыкты сактоо министри. Маалым болгондой, ал «Алтын Балалык» балдар реабилитациялык борборуна жаңы жетекчи болуп дайындалды.

Scroll to Top