Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Быйыл жарым жылда өлкөдө 17,4 млрд сом чакан насыялар берилген
22.08.2022 | 10:16
Кыргызстанда быйылкы жарым жылда жарандар 17,4 млрд сомго чакан насыларды алган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, насыя алгандардын саны дээрлик 298 миң кишиге жеткен. Былтыркыга караганда кредит алгандардын саны 9,5%га, ал эми берилген насыялар 1,7%га азайган.
Насыянын көбү Бишкек шаарында (18,5%), Ош облусунда (18%), Чүй (16%) жана Жалал-Абад (14%) облустарында берилген.
Чакан насыялардын 42%ы керектөөчүлүк максатта, 28%ы айыл чарбадагы ишмердүүлүк, 12%ы соода жана тамактануу жана 6%ы курулуш иштери үчүн алынган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом