Чаткал районунда 48 жаштагы адам сууга агып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Терек-Сай айыл аймагынын Кызыл-Токой айылында Терек-Сай суусунда 1974-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, адамдын сөөгүн суудан чыгарып ИИМ кызматына өткөрүп беришкен.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда