Бишкек абанын булганышы боюнча 23-орунда туратКыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирдиКазармандагы мектептерге террордук кол салуу болору тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. УКМК мектеп окуучусун кармадыЖогорку Кеңештин Төрагасы жана Жапониянын элчиси инфраструктуралык долбоорлорду кеңейтүү маселесин талкуулаштыКыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталуудаКайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Иминов: Тарых жазган балбандарды татыктуу тосуп алалы – видео
13.09.2022 | 00:24
Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кыргызстандыктарды дүйнө чемпионатында алтын байге уткан Акжол Махмудов баштаган спортчуларды “Манас” аэропортунан тосуп алууга чакырды.
“15-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча курама команда Кыргызстанда кайтып келет. Келгиле, кыргыз спортунун тарыхын жазган азаматтарыбызды “Манас” аэропортунан бирге тосуп алалы. Жигиттер үчүн элдин колдоосу абдан маанилүү. Жеңиш менен кайткан балбандарды татыктуу тосуп алалы”, – деди ал.
Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Акжол Махмудов алтын, Амантур Исмаилов коло байгени камсыздады. Андан тышкары 13-сентябрда Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын үчүн күрөшөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт