Токмоктогу батирден 42 жаштагы адамдын сөөгү табылды

14.09.2022 | 09:05

Токмок шаарында 42 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдүн 44-батирдин бекилип калган эшигин ачышканда  ичинен 1980-жылы туулган М.Р. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Куткаруучулар  жансыз денени ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 3 куткаруучу тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top