Дүйнө чемпионаты: Тыныбекова коло үчүн беттеште утулду — видео

Дүйнө чемпионаты: Тыныбекова коло үчүн беттеште утулду — видео

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында үчүнчү орун үчүн беттеште атаандашына жеңилип калды.

Коло үчүн болгон кармашта ал украиналык Илона Прокопевнюк менен күч сынашты. Бул беттеште 7:8 эсебинде украиналык балбан жеңишке жетти. Бирок кармаштын соңку бөлүгүндө талаштуу учур жаралды. Эсеп 5:7 болуп украиналык балбан алдыда келе жаткан. Акыркы секунддарда Тыныбекова ыкма жасап, атаандашын килемге далысынан басууга аракет жасады. Бирок калыс таза далыга басууну белгилеген жок. Жыйынтыгында убакыт бүтүп, беттеш 7:7 эсебинде аяктоо менен жеңиш украиналык балбан тарапта болду (украиналык балбан 4 упайлык ыкма жасап балл алган). Мындан улам Тыныбекова менен анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков челлендж сураганы менен видеокайталоо эч нерсени өзгөрткөн жок. Челлендж утулгандыктан Илона Прокопевнюкка дагы 1 упай берилди .

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер, аны менен бирге кыргызстандык балбандардын ичинде күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон биринчи спортчу. Ал Кыргызстандан чыккан биринчи дүйнө чемпиону гана болбостон, бул наамга эки ирет татыган (2019 жана 2021-жыл). Андан тышкары ал 2017-жылы дүйнө чемпионатында коло уткан (58 кг).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Күрөш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>