Бишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдөБишкектеги имараттарды бирдиктүү дизайн-кодго келтирүү үчүн документтердин жана талаптардын тизмесин сунушталды
Теңгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин камакка алынды
15.09.2022 | 17:31
Бүгүн, 15-сентябрда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.
Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини “Кумтөр Голд Компанидеги” коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.
Сүрөт Айбек Бийбосуновдуку
Рубрики: Жаңылыктар, Коом