Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Теңгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин камакка алынды
15.09.2022 | 17:31
Бүгүн, 15-сентябрда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.
Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини “Кумтөр Голд Компанидеги” коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.
Сүрөт Айбек Бийбосуновдуку
Рубрики: Жаңылыктар, Коом