Кыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди каттоодо кагаз документтердин ордуна QR-коду бар электрондук сертификаттар бериле баштайт«Баткен таңы» редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды17-февралга карата аба ырайыКазакстандын жаңы Конституциясынын долбоору: салттардын уландысы жана келечектин стратегиясыБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулатКыргызстандыктар эми Apple жана Tesla акцияларын эртең менен сатып ала алышат. Бишкекте инвесторлорго жаңы мүмкүнчүлүктөр сунушталды
Кыргызстанда быйыл адам сатуу боюнча 5 факты катталган
19.10.2022 | 11:16
Кыргызстанда 2022-жылы адам сатуу боюнча 5 факты катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы мындай 9 факты катталган.
Жыйында депутат Дастан Бекешев чындыгында мындай фактылар көп, бирок арыздар жок экенин белгиледи.
«Ооба, эч кандай арыздар жок. Эгер маалымат түшсө, жабыркагандарды таап, арыздарды кабыл алабыз. Сойкулук да адам сатуу түшүнүгүнө кирет, биздин жарандарды Түркияга сойкулук үчүн сатып жиберген эки факты бар», – деди Нурбек Абдиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар