Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Кыргызстанда быйыл адам сатуу боюнча 5 факты катталган
19.10.2022 | 11:16
Кыргызстанда 2022-жылы адам сатуу боюнча 5 факты катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы мындай 9 факты катталган.
Жыйында депутат Дастан Бекешев чындыгында мындай фактылар көп, бирок арыздар жок экенин белгиледи.
«Ооба, эч кандай арыздар жок. Эгер маалымат түшсө, жабыркагандарды таап, арыздарды кабыл алабыз. Сойкулук да адам сатуу түшүнүгүнө кирет, биздин жарандарды Түркияга сойкулук үчүн сатып жиберген эки факты бар», – деди Нурбек Абдиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар