БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
“Эсимде” тасмасы “Азиянын Оскары” сыйлыгына көрсөтүлдү
26.10.2022 | 10:12
Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгына (APSA) көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.
Аталган тасма “Мыкты тасма”, “Мыкты сценарий” жана “Мыкты аткарылган роль” номинацияларына көрсөтүлгөн. Сыйлык тапшыруу аземи 11-ноябрда Австралиянын Голд-Кост шаарында өтөт.
APSA сыйлыгы 2007-жылы түзүлүп, эл аралык сыйлыктар арасында жылдан-жылга кадыр-барктуу болуп келет. Ал кинематография дүйнөсүндө “Азия Оскары” деп айтылат.
Белгилей кетсек, Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасынын бет ачары 17-ноябрда өтөт.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом