Кадамжай районунда 57 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Көк-Талаа айылында мектептин жанындагы сайда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, 1965-жылы туулган С.К. аттуу эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз