Таш-Көмүр шаарында батирден аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар 1-кичи районунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1959-жылы туулган С.Э. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз