АКШда мигранттар үчүн коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) алуу талаптары күчөтүлдүКыргызстан боюнча пайдалуу саякаттаңыз: MBANK MTravel сервисинде 10% кешбэк ишке киргиздиКармалган дарыгер-нефролог үй камагына чыгарылдыСүрөтчү Кыял Аккүчүкова оймо-чиймелерди патенттөө, жоокер Сайкал жана этно-стиль экономикасы тууралууСурабалдиева ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болдуЖалпы жарандык паспортту эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн алмаштырууга болот
Жалал-Абад шаарына 1 млн 858 миң сомго стелла курулду
24.11.2022 | 23:01
Жалал-Абад шаарынын түндүк тарабынан кире беришине “Жалал-Абад шаары” деген стелла курулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, стелланын айланасы жарыктандырылып, брусчатка төшөө жана газон себүү жумуштары аткарылган. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 1 млн 858 миң сом акча каражат сарпталды.
Курулушу аяктаган объекти менен шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басары Элдос Таев, мэриянын Капиталдык курулуш департаментинин башчысы Арапбай Маматжан уулу таанышты.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар