Активист «Кыргызнефтегаз» ишинде аты аталган компаниялардын миллиондогон кирешелери тууралуу айтып бердиЖогорку Кеңеште Бишкек мэриясынан ысык сууну өчүрүүнү жылдырууну сураныштыКазакстан жана Кыргызстан социалдык чөйрөдө санариптик чечимдерди алмашууну макулдаштыИРСК Жакынкы Чыгыштагы АКШнын IT-активдерине сокку уруу менен коркуттуАк илбирс Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий тумары болуп тандалдыКыргызстанда электр тармактары оңдолууда — жарык маал-маалы менен өчүшү мүмкүн
Армения Кыргызстанга пайызсыз насыя берет
25.11.2022 | 23:55
Армения өкмөтү Кыргызстанга 5 жылга чейин пайызсыз насыя берет. Ал эми Кыргызстан Арменияга бул каражатка өндүрүлгөн продукцияны берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаровдун айтымында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен макулдашуу боюнча каражат Баткен районунун 500 гектарына өрүк көчөттөрүн отургузууга бөлүнөт.
“Учурда адистер келишүүдө. Азырынча Баткенге же Лейлекке отургузууну тактап жатышат. Интенсивдүү бакча үчүн көчөттөрдү Италиядан алып келебиз. Ошондой эле Баткен өнүктүрүү фондунун эсебинен тамчылатып сугаруу системасын орнотобуз”, – деди ал.
Өкмөт башчы Армения берген насыянын суммасын атаган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар