Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Оң рулдуу унааларга уруксат берүү талабы айтылды
25.11.2022 | 23:03
Бүгүн, 25-ноябрда өткөн Элдик курултайга Нарын облусунун Нарын районунун Орто-Нура айылынан келген Акназар Акматалиев Кыргызстанда унаалардын көбүнүн эскилиги жеткенин айтты.
“Кыргызстандын жаштарынын атынан оң рулдуу унаалардын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берүүнү эл алдында добушка коюңузду суранабыз. Менин атамдан улуу автоунаалар дагы миллион сомго сатылууда. Аны сатып алып, эки жыл айдагандан кийин кайра темирге өткөрөбүз. Ушунча акчага алып жаткандыктан жакшы унаа алгыбыз келет”, – дейт ал.

Белгилей кетсек, оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө уруксат берүүнү Жогорку Кеңештин депутаттары да демилгелеп келет. Бирок өкмөт ушундай транспорттордун кесепетинен жол кырсыктары көп катталарын айтып, сунушту четке кагууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом