Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Быйыл 10 айда Кумтөрдөн казынага канча каражат түшкөнү айтылды
29.12.2022 | 12:35
Быйылкы жылдын январынан ноябрына чейин Кумтөр мамлекеттик бюджетти 27 миллиард 772 миллион 173,9 миң сомго толуктаган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Анын ичинен бюджетке 9 миллиард 423 миллион 124,8 миң сом Кумтөрдүн дүң кирешесине салык түрүндө жана дагы 18 миллиард 349 миллион 49,2 миң сому республиканын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө төлөм түрүндө түшкөн.
Белгилеп кетсек, алтын өндүрүүчү компания ноябрь айында дүң кирешеден 712 миллион 863,3 миң сом салыкты казынага которгон. Ноябрда сырьелук базаны өнүктүрүү үчүн акы төлөөдөн түшүүлөр болгон эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Экономика