Ишкердин өлүмү: Шектүү тууралуу жаңы жагдай белгилүү болду — видео

Ишкердин өлүмү: Шектүү тууралуу жаңы жагдай белгилүү болду — видео

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө каракчылык фактысы ачыкталып, шектүү катары эки бир тууган кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 1-декабрда Кара-Балтада 49 жаштагы Х.И. аттуу ишкерди атып кетишкен. Аталган окуя боюнча кылмыш иши илектенип жаткан.

Анын алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Жайыл районунда болгон каракчылык фактысы аныкталган. Сурак учурунда 38 жаштагы Т.В. аттуу жаран быйыл 18-июлда болжол менен 23:30да бычак жана тапанча менен куралданган белгилесиз адамдар үйүнө кирип келип, ага жана үй-бүлөсүнө күч колдонуп, колдорун байлап, “өлтүрөбүз” деп коркутуп, 2,2 млн сом акчасын алып кетишкенин билдирген.

Аталган факт 27-декабрда каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмышты жасоого шектүү катары 49 жаштагы Х.И. аттуу ишкерди өлтүрүүгө шектелип кармалган 29 жаштагы Д.Б. аттуу жаран, ошондой эле 35 жаштагы К.Ф. жана 34 жаштагы К.А. аттуу жарандар аныкталган.

Белгилүү болгондой, бул эки жаран Чүй облустук милициясына өз ыктыяры менен келип, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн тергөөчүгө 2,2 млн сомду тапшырып берген.

Бул каражаттар далил зат катары таанылып, тилкат менен жабырлануучуга (Т.В. аттуу жаранга) өткөрүлүп берилген.

Учурда аталган эки жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, быйыл 1-декабрда Кара-Балтада 49 жаштагы ишкер киши колдуу болгон. Бул ишке шектүү катары 29 жаштагы жаран кармалган. Милиция бул кылмыш таарынычтын айынан болгонун кабарлаган.

Кара-Балтада ишкерди өлтүргөн киши колго түштү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>