Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды
Блогер Улукбек Карыбек уулу сурактан чыкты – видео
11.01.2023 | 22:42
Блогер Улукбек Карыбек уулу милициянын сурагынан чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасындагы түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, ал Ысык-Ата райондук милициясынын тергөөчүлөрү тарабынан 4 жарым саат суракка алынган.
“4 жарым саат сурак берип чыктым. Тергөөнүн купуялуулуктары боюнча тил катка кол коюп бердим. Ошондуктан барын ачык айтууга болбойт. Тергөөчүлөр тарабынан эч кандай басым, кысым болгон жок. Ысык-Ата районундагы Тажикстандан келген кайрылмандардын жагдайлары боюнча берүү чыгаргам. Ошонун үстүнөн Венера Шаршеева тарабынан арыз түшүптүр. Негизинен качкындар жөнүндө маселе жана эл аралык мыйзам дагы орчундуу экен”, – деди Карыбек уулу.
Буга чейин өзү милицияга суракка чакырылганын билдирген болчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар