Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Суукта жол тоскондорду бекер ала кет. Бишкекте чиновник акция баштады
11.01.2023 | 23:18
Бишкекте “суукта үшүп, жол тосуп турган жүргүнчүлөрдү бекер ала кетели” деген чакырык менен айдоочулар арасында кайрымдуулук акциясы башталды. Бул демилгени Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Акжолтой Тукунов баштады. Бул боюнча ал Фейсбуктагы баракчасына видео жүктөдү.
Анда ал суукта жол тоскон жүргүнчүлөрдү унаасына салып бара жатканын айтып, айрым жүргүнчүлөрдөн пикирин да укту. Ошону менен бирге бардык айдоочуларды жол тосуп тургандарды акысыз ала кетүүгө үндөдү.
Буга чейин 11-январдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, адаттан тыш суук болоору эскертилген.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар