Казакстанда “Елбасы” жөнүндө мыйзам жокко чыгарылды

12.01.2023 | 09:00

Казакстандын Конституциялык соту бир топ депутаттардын өтүнүчүн карап, “Туңгуч президент – Елбасы” мыйзамынын күчүн жойду. Бул тууралуу Конституциялык соттун расмий сайты кабарланды.

Конституциялык сот бул чечим “2022-жылы 5-июнда өткөн референдумдун натыйжасына жана Казакстан калкынын эркине негизделип чыгарылганын” белгилейт.

Конституциялык сот токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирерин жана даттанууга жатпай турганын маалымдады.

Былтыр декабрда мажилис “Туңгуч президент – Елбасы” тууралуу конституциялык мыйзамдын күчүн жоюу жараянын баштаган. 2000-жылы кабыл алынган мыйзам мурдагы президент Нурсултан Назарбаев менен анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген. Мыйзамга ылайык, Назарбаев менен анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, камалбайт, мүлкүнө чектөө коюлбайт.

Назарбаев 2019-жылы кызматтан кетип, өлкөнүн саясатына таасирдүү кызматты – Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээлеп калган. 2022-жылдын январында массалык нааразылыктар баш аламандыктарга айланып, кандуу окуяга айланган учурда бул кызматын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Мындан кийин Нурсултан Назарбаевдин жакындары да кызматтан кетип, айрымдары камалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top