Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
“Бишкекжашылчарба” кызматкерлери жаңы формалуу болушту
12.01.2023 | 00:05
“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы кышкы форма менен камсыз болушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жумушчулар үчүн ишкананын логотибинин түстөрүндө иштелип чыккан 300 комплект форма сатылып алынган.
Кийим жол боюндагы кооптуу аймактарда нөөмөт учурунда жумушчулардын коопсуздугун сактоо үчүн чагылдыруучу кездеме менен капталган. Форма кыш мезгилине ылайык жылууланган.
Форма кызматкерлерди тартипке салууга жардам берип, командалык иштин калыптанышына өбөлгө түзөт.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом