Ташкентте катуу суукка байланыштуу беш күн акысыз палоо берилет

13.01.2023 | 14:51

Ташкент шаардык акимчилиги кескин суук аба ырайына байланыштуу жакыр жашаган тургундарга, коммуналдык жана кайгуул кызматтарынын жумушчуларына акысыз палоо тарата баштады.

Акимчиликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, палоо 12-январдан 16-январга чейин баш калаадагы банкеттик залдарда таратылат.

Мекеменин Telegram-каналына акысыз палоо кайсы убактарда жана кайсы банкеттик залдарда берилери тууралуу маалымат жарыяланды.

Узгидрометтин маалыматына караганда, 10-январдан бери өлкөдө абанын температурасы түнкүсүн -17, күндүз -10 градуска чейин төмөндөдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top