«Кадастрдын» Араван филиалынын эки кызматкери кармалды — видео

«Кадастрдын» Араван филиалынын эки кызматкери кармалды — видео

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (Алдамчылык, кызмат абалынан пайдалануу) боюнча, 10-январда 30 миң сом өлчөмүндө мурда талап кылынган акча каражаттардын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош облусунун Араван районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери А.Р. жана М.Т. кармалышты.

Алар, президент тарабынан кабыл алынган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп, жеке материалдык байытуу менен жерге мунапыс берүү жөнүндө документтерди тариздөө үчүн 450 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>