MEGA 4G LTE түйүнүнүн каптоосун жана кубаттуулугун тездик менен күчөтүүдө

13.01.2023 | 14:50

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Кыргызстандын бардык аймагы боюнча түйүндү өнүктүрүүнү активдүү улантууда. 2022-жылдын декабрь айында жасалган иштер республиканын алты облусунда байланыш сигналын жакшыртып, мобилдик интернеттин ылдамдыгын күчөтүп, үн байланышынын сапатын көтөрө алды.

Базар-Коргон, Баткен, Бишкек, Майлуу-Суу, Ноокат, Ош, Өзгөн шаарларындагы базалык станцияларды модернизациялоо 4G түйүнүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүн бир кыйла жакшыртты. Мындай иш-аракеттер төмөнкү айылдарда аткарылды:

  • Баткен облусунун Бужум, Кара-Бак, Сухана;
  • Жалал-Абад облусундагы Бек-Абад, Жаңы-Дыйкан, Коминтерн, Сафаровка, Таштак, Түрк-Абад;
  • Ысык-Көл облусундагы Оргочор;
  • Ош облусундагы Жаңы-Арык, Интернационал, Какыр-Пилтан, Кара-Кулжа, Кара-Таш, Сары-Булак, Тээке;
  • Чүй облусундагы Байтик, Беловодское, Бирдик, Жаңы-Алыш, Ивановка, Кайыңды, Калмак-Ашуу, Кызыл-Байрак, Төмөнкү Чыгыш, Озерное, Панфилов, Романовка, Степное, Тар-Суу, Төрт-Көл, Шабдан.

Базалык станцияларды модернизациялоонун эсебинен Базар-Коргон, Бишкек, Кант, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Ноокат, Ош, Токмок шаарларында жана төмөнкү айылдарда 3G түйүнүнүн сигналдары жакшырды:

  • Баткен облусундагы Кара-Кыштак, Рават, Самаркандек, Сухана, Тажик кыштак, Таян, Халмион, Чек;
  • Жалал-Абад облусунун Дукур, Жаңы-Абад, Коминтерн, Сафаровка, Сафедбулан, Таштак, Түрк-Абад, Чек;
  • Ысык-Көл обулусунун Жашыл Гай, Ысык-Көл, Чоң-Сары-Ой;
  • Ош облусундагы Большевик, Дароот-Коргон, Жаңы-Арык, Кыргыз-Ата, Найман, Тээке;
  • Талас облусунун Ынтымак айылында;
  • Чүй облусундагы Беловодское, Бирдик, Жаңы-Турмуш, Жаңы-Чек, Ивановка, Котовское, Кош-Кашат, Сайлык.

Муну менен катар эле Базар-Коргон, Бишкек, Майлуу-Суу, Ош, Раззаков, Токмок шаарларында жана төмөнкү айылдарда 2G базалык станция модернизацияланды:

  • Баткен облусундагы Булак-Башы, Жаңы-Айыл, Сухана;
  • Жалал-Абад облусундагы Дукур, Жаңы-Абад, Коминтерн, Сузак, Түрк-Абад, Чек;
  • Ысык-Көлдөгү Сары-Телегей;
  • Ош облусундагы Большевик, Жаңы-Арык, Мады, Тээке;
  • Чүй облусунун Бирдик, Жаңы-Турмуш, Жаңы-Чек, Ивановка, Кош-Кашат, Сайлык айылдарында.

Төмөнкү айылдарга 4G стандартындагы базалык станциялар орнотулду:

  • Баткен облусундагы Калача, Коргон, Сары-Талаа, Тескей, Чуянчы, Ынтымак;
  • Ысык-Көл облусундагы Каркыра, Сан-Таш, Сары-Телегей;
  • Ош облусунун Большевик, Кеңеш, Пор.

3G стандартындагы базалык станциялар төмөнкүн айылдарда ишке берилди: Ысык-Көл облусунун Каркыра, Сан-Таш, Сары-Телегей.

Түйүндүн камтуу аймагы тууралуу кеңири маалымат MEGA сайтындагы Түйүндүн камтуу аймагынын интерактивдүү картасында онлайн-режимде жеткиликтүү. Анын жардамы менен жакынкы базалык станциялардын сигналынын жана 2G, 3G , ыкчам 4G-камтуусунун деңгээлин Кыргызстан боюнча көрүп турууга болот.

MEGA компаниясынын абоненттеринде түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүү зарыл деп эсептеген калктуу түйүндөр боюнча суроолору пайда болгон учурда, алар *500 номери (компаниянын Байланыш борбору), +996 999 500 000 WhatsApp номери же Telegram аркылуу кайрыла алат.

MEGA компаниясынын соңку жаңылыктарынан кабардар болуп туруңуздар. Биздин FacebookInstagramTwitter жана Telegram баракчаларыбызга жазылыңыздар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top