Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Айпери Медет кызы Zagreb Open мелдешинде күмүш алды – видео
05.02.2023 | 11:30
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Хорватиянын борборунда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде күмүш байгеге татыды.
Алтын үчүн кармашта ал америкалык Елена Макойед менен күч сынашты. Беттештин биринчи бөлүгүндө америкалык спортчу Макойед Айпери Медет кызынын далысын жерге басып, жеңүүчү болду.
Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы 4-февралда килем үстүнө чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Ал биринчи кармашында индиялык спортчу, чейрек финалда канадалык, ал эми жарым финалда кытайлык балбан менен күрөшкөн. Медет кызы үч атаандашынын тең далысын жерге басып, жеңишке жеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт