Бишкекте Чолпонбек Базарбаев эскерилди

Бишкекте Чолпонбек Базарбаев эскерилди

Бишкек хореографиялык окуу жайында, 3-февралда, СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРдин эл артисти, Ленин комсомолдук сыйлыгынын лауреаты, кыргыз балетинин чолпон жылдызы Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүн утурлай эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ага маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Чолпонбек Базарбаевдин иниси, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус, Бишкек хореографиялык окуу жайынын жетекчилиги, окутуучулары Чолпонбек Базарбаевдин жакындары катышты.

Иш-чарада балет залкарынын кыргыз искусствосуна кошкон салымы, чыгырмачылыгы, басып өткөн жолу тууралуу сөздөр айтылып, аталган окуу жайда билим алып жаткан келечектеги балет өнөрүнүн ээлери өнөрлөрүн тартуулашты.

Чолпонбек Базарбаевдин иниси Кудайберген Базарбаев эл алдында сүйлөгөн сөзүндө, кыргыз балетин Чолпонбек Базарбаевсиз элестетүү мүмкүн эмес экенин айтты.

«Кыргыз операсынын атасы Болот Миңжылкыев болсо, ал эми кыргыз балетинин – атасы Чолпонбек Базарбаев. Өзүнүн талыкпаган эмгеги, таасын таланты менен кыргыз балетин бүтүндөй дүйнө жүзүнө тааныткан Чолпонбек Базарбаевдин зор эмгеги эч качан унутта калбашы керек», — деди ал.

Эске салсак, Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген. 10 жашында Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык окуу жайга тапшырып билим алган.

Эмгек жолун 17 жашка толгондо Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында баштап, ошол эле жылы Москва, Ленинград шаарларына гастролдоп барган. Андан соң бир жыл Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында кесипкөйлүгүн жогорулатып, борбор калаадагы театрда солист болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>