2025-жылы Кыргызстандын бюджети 1,1 трлн сомдон аштыКыргызстандын тигүүчүлөрүн салыктык жеңилдиктер күтүүдөБишкектеги эки мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн«Кыргыз темир жолунун» кызмакери унаасын 190 км/саат ылдамдыкта айдап, видеосун интернетке чыгарганАшуулардагы абал: жолдор тазаланып, киргизилген чектөөлөр алынуудаДин иштери боюнча агенттиктин төрагасы менен орун басары иштен алынды
Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 7-февралда өтөт
06.02.2023 | 15:21
Кыргызстандын эл артисти, белгилүү режиссер Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 7-февралда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Тажия саат 10:00до А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.
Эскерте кетсек, 6-февралга караган түнү Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды. Ал 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн. Геннадий Базаров «Саманчынын жолу», «Буктурма», «Көчө» жана башка көркөм жана даректүү тасмалардын режиссеру болуп саналат.
Былтыр ал II даражадагы мамлекеттик «Манас» ордени менен сыйланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз