СИЗОнун кызматкери аралаш мушташ боюнча чемпион болду

СИЗОнун кызматкери аралаш мушташ боюнча чемпион болду

Жалал-Абад шаарында өткөн аралаш мушташ боюнча эркектер арасындагы ачык чемпионатта ички кызматтын кенже сержанты, 21 жаштагы Муратбек уулу Тумарбек Өзбекстандан келген атаандашын жеңип, 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Муратбек уулу Тумарбек атайын орто билимге ээ.  Кыргыз Эл аралык колледжин бүтүрүп, юрист кесибине ээ болуп, учурда №53 тергөө изоляторунда эмгектенет.

Ал 2017-жылдан бери ар кайсы федерациялар тарабынан уюштурулган аралаш мушташ боюнча эркектер арасындагы мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеп келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>