Аскар Бешимов Кыргызстандын Индиядагы элчиси болду

10.02.2023 | 23:17

Аскар Бешимов Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Аскар Бешимов 1962-жылы 5-февралда Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. 1983-жылы Ош педагогикалык институтундагы физика-математикалык факултьетин “Математика мугалими” кесиби, 1990-жылы Кыргыз экономикалык университетин “Экономист” кесиби боюнча аяктаган.

Буга чейин тышкы иштер министринин орун басары (2005-2008 жана 2012-2016-ж.), Кыргызстандын Малайзиядагы (2011-2012-ж.) жана Кореядагы 2016-2017-ж.) элчиси болуп иштеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top