Казакстан Сирияга 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтөт

Казакстан Сирияга 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтөт

Казакстан зилзаладан жапа чеккен Сирияга 50 тонна гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу 10-февралда казак премьер-министринин расмий сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, мамлекеттик материалдык резервден консерваланган өнүмдөр, жылуу кийимдер, кышкы чатырлар, керебеттер жана жууркан-төшөктөр бөлүнөт. Жүк Ислам кызматташтык уюмунун линиясы менен Алеппого төрт аба каттамы аркылуу жеткирилет.

8-февралда Казакстан Түркияга 1 миллион доллар бөлөрү белгилүү болгон. Казакстандан Түркияга куткаруучулар менен медиктердин эки тобу да барды.

Түркиянын түштүк-чыгышы менен Сириянын түндүк бөлүгүндөгү жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 20 миңден ашты. Урандылардын алдында калгандарды издөө иштери уланууда, андыктан курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн. Өлгөндөрдүн арасында казакстандык эки жаран бар.

Зилзаладан миңдеген имараттар кыйрап, он миңдеген жашоочулар үй-жайсыз калды.

Fitch Ratings агенттигинин эсебинде, экономикалык чыгым 2 миллиард доллардан ашып, 4 миллиард долларга чейин жетиши мүмкүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>