Дастан Бекешев Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдү айтып бердиКыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн спорттук реалити-шоу ишке киргизилүүдөБалет артисттери жана бий жамааттары өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна ээ болуштуТормозсуз жол кырсыгы: айдоочу эки унааны сүзүп, кетип калды24-январь: Кар жаабайт, бирок суук болотСадыр Жапаров курулушчулардан ачык-айкындуулукту жана жарандардын алдындагы милдеттенмелерин так аткарууну талап кылды
Райондук жана шаардык милициянын жетекчилиери алмашты
27.02.2023 | 17:33
Ички иштер органдырынын жетекчилик курамдарында ротациялоо уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөн жумада бир нече райондук жана шаардык милициянын жетекчилери алмашкан:
- Болот Арзыгулов Нарын облусунун Ат-Башы РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ШИИБнин начальниги кызматына
- Мартбек Зикиров Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Ат-Башы РИИБнин начальниги кызматына,
- Жаныбек Канзаманов Баткен облусунун Баткен ШИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Бакай-Ата РИИБнин начальниги кызматына,
- Алмазбек Кубатбеков Жалал- Абад облусунун Жалал-Абад ШИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Баткен облусунун Баткен ШИИБнин начальниги кызматына,
- Маратбек Шайбеков Талас облусунун Бакай- Ата РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБнин начальниги кызматына,
- Болотбек Кундузов Баткен облусунун Лейлек РИИБнин начальниги кызматынын бошотулуп, Кадамжай РИИБнин начальниги кызматына,
- Кожобек Козубаев Баткен облусунун Кадамжай РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Лейлек РИИБнин начальниги болуп дайындалды.
«Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди», — деп билдирет министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом