Политехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдүПашинян Жапаровду Казакстандын президенти деп жаңылыш атады — протокол кызматынын башчысы иштен алындыБашкы прокуратура автоунаа алдамчылыгына айыпталган жаранды Молдова өлкөсүнөн кайтардыРубионун Самарканддагы сапары: $12 миллиарддык бүтүмдөр жана АКШнын Борбор Азиядагы жаңы пландарыСадыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкууладыКыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөт
Кыргызстандык төрт балбан Болгариядагы мелдешке катышат
27.02.2023 | 17:08
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык төрт балбан София шаарында (Болгария) өтө турган Dan Kolov-Nikola Petrov эл аралык рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 2-6-март күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) катышат.
Балбандарды улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев коштоп барат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт