Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алынды
Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык хоккейчилер Сингапурду утту
28.02.2023 | 10:23
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионундагы (В тайпасы) биринчи оюнунда Сингапурду утуп чыкты.
27-февралда өткөн беттеште кыргызстандык хоккейчилер атаандаштарын 14:2 эсебинде жеңген.
Эскерте кетсек, аталган мелдешке Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия, Сингапур, ошондой эле, Босния жана Герцеговина катышууда. Ар бир команда бири-бири менен айлампа түрүндө ойнойт. В тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар ушул эле дивизиондун А тайпасында оюн ойноого мүмкүнчүлүк алат.
Оюндардын жадыбалы:
- 1 март: Кыргызстан – Босния жана Герцеговина;
- 2 март: Кыргызстан – Малайзия;
- 3 март: Иран – Кыргызстан;
- 5 март: Гонконг – Кыргызстан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз