Кызматтык үйдү менчиктештирүүнүн мөөнөтүн кыскартуу сунушталды

Кызматтык үйдү менчиктештирүүнүн мөөнөтүн кыскартуу сунушталды

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 27-февралдагы  жыйынында “Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору депутаттар — Дастан Бекешев, Сеидбек Атамбаев, Жанарбек Акаев жана Жаныбек Абиров тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири депутат Дастан Бекешев белгилегендей, бул мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеп, турак жай көйгөйлөрүн тарткан адамдардын укуктарын ишке ашыруу, ошондой эле кызыкчылыктарын эске алуу максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, аталган мыйзам долбоорунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: кызматтык турак жайды менчиктештирүү мөөнөтүн кыскартуу (20-жылдан 10-жылга кыскартылат); мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык турак жайды менчиктештирүүсүнө тыюу салуу.

Талкуу маалында депутат Камила Талиева мыйзам долбооруна жалгыз бой энелер боюнча жобону киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Эл өкүлү мыйзам долбоору мамлекеттик, муниципалдык жана саясий кызматтарды ээлеген кызмат адамдарына тиешеси жоктугун белгиледи.

Мыйзам долбоорун карап чыгып, депутаттар аны жактырышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>