Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Абакка баңгизат өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды
28.02.2023 | 14:19
Жалал-Абад шаарында абакка баңгизат өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-февраль күнү болжол менен саат 17:05те 33 жаштагы Ж.А.Н. аттуу жаран Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизат өткөрүү аракети учурунда абактын жана милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.
Алынган нашаа баңгизатына окшош заттын өлчөмү 510 граммды түзгөн.
Бул факт каттоого алынып, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз