Салык кызматы: товарлардын калдыктарын байкоо жүргүзүү системасына киргизүү 1-октябрда аяктайтТаш-Рабатка алып бара турган унаа жолго асфальт төшөлүүдөБишкек — Ош каттамындагы орун тандоо үчүн кошумча акы алынганына депутат нааразы болдуКыргызстанда буллинг жана кибербуллинг үчүн айып пул салуу жана эркинен ажыратуу сунушталууда — чоо-жайыБишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылдыАдылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат
Бишкекте алты жылга соттолгон аял түрмөдө көз жарды
28.02.2023 | 14:25
Бишкек шаарында алдамчылык боюнча соттолгон аял СИЗОдо көз жарды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, аял ушул жылдын 15-февралында төрөгөн. Аны үйүндө мындан тышкары дагы алты баласы күтүп жатат.
“2022-жылдын декабрь айында аны Свердлов райондук соту күнөөлүү деп таап, судья Адимов Акылбек 6 жылга эркинен ажыраткан. Башкача айтканда, кош бойлуу кезинде үстөк пайызына (144% жылдык) алган карызын толук кайтара албай калганы үчүн камалган”, – деди Жоошев.
“Сот адилеттүү өкүм чыгарат деп ишенебиз”, – деп кошумчалады ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом