Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Бишкекте башка бирөөнүн жубайын “ала качкан” жигит кармалды – видео
06.03.2023 | 11:17
Бишкекте адам уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 4-мартта болгон. Белгисиз адам Калыс-Ордо конушунун тургунунун аялын унаага күч менен отургузуп, уурдап кеткен.
Бул фактыга байлданыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Аялды уурдаган кылмышкерди кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлүп, шаардык жана Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери шектүү катары 22 жаштагы С.М. аттуу жаранды кармаган. Ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз