Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Бишкек: Мектептерде коңгуроонун ордуна комуз күүсү жаңырат
16.03.2023 | 11:20
Бишкек мэриясы шаардагы сегиз орто мектепте салттуу коңгуроонун үнүн күүлөргө алмаштырууну чечти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, долбоордун максаты – окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо, мекенди сүйүүгө үндөө.
Мэрия №3, 51, 93, 95, 96, 97, 99, 100 мектептер үчүн белгилүү комузчулар Нурак Абдрахмановдун, Асылбек Насридиновдун жана Закирбек Дүйшөналиевдин аткаруусундагы күүлөрдү тандап алганын белгиледи.
Долбоор президенттин “Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында иштелип чыкты.
Европадагы айрым өлкөлөрдө коңгуроо үнү окуучулардын “тынчын алганы” үчүн өчүрүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом