Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кармалды

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кармалды

Козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси З.Д.Т. (ред, — Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович ) кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды. Бирок, З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарбай, алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес.

«Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында З.Д.Т. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде бир катар мамлекеттик кызматтарда: Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, вице-премьер жана Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси болуп иштеген.

Дүйшөнбек Зилалиевге карата 2018-жылы Кылмыш жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук актысы боюнча жалган маалымат берүү») боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча Биринчи май райондук соту аны үч жылга шарттуу кескен. Ал эми 2021-жылдын июнь айында Жогорку сот Зилалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотуна ишти кайра кароого жөнөткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>