Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Ошто издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды – видео
16.03.2023 | 12:45
Ош шаарында эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 9-мартта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча кызматкерлери Ош шаарынан эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын 1995-жылы туулган Х.Р.Ж. аттуу жаранын кармашты.
Ал Ингушетиянын Малгобек районунун аймагында кылмыш (ири өлчөмдөгү алдамчылык) жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынган.
2023-жылдын 11-мартында Ош шаардык сотунун чечими менен Х.Р.Ж. №5 тергөө абагына бир айга камалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом