Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Коопсуздук курун тагынбаган ИИМ кызматкери айыпка жыгылды (видео)
20.03.2023 | 12:23
Унаа айдап бара жатып, коопсуздук курун тагынбаган ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерине айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин Бишкекте блогер, коопсуздук курун тагынбай унаа айдаган ИИМдин кызматкерин видеого тартып алган. Ал айдоочуга эскертүү бергенден кийин кызматкер коопсуздук курун тагынган.
Аталган башкармалык мыйзам баары үчүн бирдей экенин белгилеп, аталган кызматкерге миң сом айып пул салынганын билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом