Депутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылатУлуттук статистика комитети: туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келдиМектеп окуучуларынын ата-энелеринен жылына 2,5 млрд сомго жакын акча чогултулат — депутатСалык кызматы: товарлардын калдыктарын байкоо жүргүзүү системасына киргизүү 1-октябрда аяктайтТаш-Рабатка алып бара турган унаа жолго асфальт төшөлүүдө
Нооруз – 2023: Көк бөрү оюну боюнча бешинчи күндүн жыйынтыгы
20.03.2023 | 13:02
Бишкек шаарынын Аккула ат майданында Нооруз майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин бешинчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, оюн талаасында жогорку, биринчи жана экинчи лиганын курама командалары беттешти.
Бешинчи күндүн жыйынтыгы:
“Кетмен-Төбө” жана “Ак-Суу” командалары 4:1;
“Кара-Балта” жана “Талас шаары” 3:2;
“Ынтымак” жана “Мурас” 8:4;
“Көк-Жал” жана “Сокулук” 8:4;
“Жаштык” жана “Жети-аке” 5:0 ;
“Намыс” жана “Ысык-Ата” 6:1.
Белгилей кетсек, мелдешке республиканын баардык аймактарынан келген 37 команда күч сынашууда. Финалдык беттештер 21-март күнү өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз