Бишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жататБишкектин 5-кичирайонунда ысык суу убактылуу токтотулат“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилдиБишкектеги түтүнгө каршы күрөш — ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилдиБажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгарды
Шашылыш билдирүү! Унаа жолдорго кар көчкү түшөт
06.04.2023 | 19:58
Кыргызгидромет кызматынын берген маалыматына ылайык эртең, 7-апрелден 10-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу;
198-250-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
“Урматтуу айдоочулар!
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ал эми кырсык катталган учурда 112 кызматына чалууну унутпаңыз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт” деп айтылат билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом