Бишкектеги мейманканадан үч кишинин сөөгү табылды

Бишкектеги мейманканадан үч кишинин сөөгү табылды

Бишкекте мейманканалардын биринде бир эркек жана эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 6-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүн бойлой жайгашкан мейманкана комплексинин бөлмөлөрүнүн биринен эркек жана эки аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Свердлов РИИБдин тергөө-ыкчам тобу куя болгон жерди текшерүү учурунда эркек жана эки аялдын жансыз денесинде жаракаттар жок экени аныкталган. Ошондой эле, милиция кызматкерлери каза болгон адам К.В аттуу жаран экендигин жана эки аял 1984-жылы туулгандыгы такталган.

Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде каттоого алынган.

Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Reporter.kg′ге өздүк булактар билдиргендей, каза болгон жаран Пакистандын жараны экени такталган. Ал жергиликтүү үч кыз менен эс алып жүргөн. Чет өлкөлүк жаран эки кыз каза тапкан. Үчүнчүсү милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Айрым маалымат каражаттары буга баңгизатын ашыкча колдонуу себеп болгонун жазышууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>