Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу жолдордо кар күрткү түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +13…+18
Талас облусу
түнкүсүн +2…+7
күндүз +12…+17
Баткен облусу
түнкүсүн +4…+9
күндүз +15…+20
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +4…+9
күндүз +15…+20
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +13…+18
Нарын облусу
түнкүсүн -3…+2
күндүз +10…+15
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 6…8, күндүзгү жогорку температурасы 15…17. болот.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз