7-апрелге карата аба ырайы

7-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу жолдордо кар күрткү түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +3…+8

күндүз +13…+18

Талас облусу

түнкүсүн +2…+7

күндүз +12…+17

Баткен облусу

түнкүсүн +4…+9

күндүз +15…+20

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +4…+9

күндүз +15…+20

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -2…+3

күндүз +13…+18

Нарын облусу

түнкүсүн -3…+2

күндүз +10…+15

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. жетип,  абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 6…8, күндүзгү жогорку температурасы 15…17. болот.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>